“Кудайберген” базарында 20 контейнер күйүп кетти

Бишкектеги “Кудайберген” базарында чыккан өрттүн кесепетинен унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. кабарлангандай, өрт саат 17:45те чектөөгө алынды. “Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен аны өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Мындан сырткары шаардык мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана “Тез жардам” кызматы тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.