Дүйнө

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу карышкыр болду

2022- жылдын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары карышкырдын символу таанылды. Сүрөттү уюштуруучулар социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыялашты.

Оюндар 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында ушул эле аталыштагы көлдүн жээгинде өтөт. Ага 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу ак илбирс болгон. Илбирстердин образынын автору режиссер-аниматор Толгобек Койчуманов болгон. Андан соң ак илбирсти оюндардын тумары катары көрсөтүү идеясы бул жаныбарды коргоо маселесинин маанилүүлүгү менен байланыштуу экенин белгилеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button