Дүйнө

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер барат?

Россиядан башка жактарда туруктуу жашап, аскердик каттоодо турбагандар чакырылбайт. Ал эми өлкөдөн аз убакытка кетип, жашаган жери боюнча аскердик каттоодо тургандар мобилизацияланышы мүмкүн.

Россиянын Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизациянын тартибин түшүндүрдү. 

Кимдер чакырылат:

Согуштук тапшырмаларды аткарууга керек болгондор (аткычтар, танкисттер, артиллеристтер, айдоочулар, механик-айдоочулар);

Запастагыларды кезектештирип чакыруу боюнча атайын эреже деле жок, бирок аскердик тажрыйбасы барларга басым жасалат;

Басым согуштук тажрыйбасы барларга жасалат;

Офицерлер сыяктуу эле сержант, катардагы жоокерлер дагы чакырылат;

Мобилизация боюнча аскерге 35 жашка чейинки сержанттар, 50 жашка чейинки кичи офицерлер жана 55 жашка чейинки ага офицерлер чакырылат;

Аскердик тажрыйбасы бар аялдар аткара турчу жумуштар бар (маселен, медиктер). Бирок аларга суроо-талап аз.

Кимдер аскерге чакырылбайт:

коргонуу өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери;

ден соолугуна байланыштуу аскерге убактылуу жарабайт деп эсептелгендер;

үйүндө I топтогу майыпты дайыма карагандар;

16 жашка чейин төрт же андан ашык балдары барлар;

сегиз жашка чейинки төрт же андан ашык баланы жалгыз баккан энелердин балдары.

Эгер аскердик пенсионер күч органдарына тиешелүү экендигине карабастан отставкада болуп, аскердик каттоодон алынса (65 жаштан өйдө же ден соолугуна байланыштуу), ал мобилизацияланбайт. Учурдагы мобилизациялык резервдин көлөмүнө жараша ар бир аймактын өзүнө тапшырма берилген. Бул — ошол жердеги аскердик каттоодо тургандардын санынан көз каранды.

Россиядан башка жактарда туруктуу жашап, аскердик каттоодо турбагандар чакырылбайт. Ал эми РФтен аз убакытка кетип, жашаган жери боюнча аскердик каттоодо тургандар мобилизацияланышы мүмкүн

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button