Коом
Мугалимдер күнү 5-октябрга белгиленди. Акча чогултууга болбойт!
Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрга белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарды.
Буйрукка ылайык райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
— иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоо;
— майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга тыюу салуу.д