Ташиев: Ак-Сайдагы постту алууда жергиликтүү элдин талабы эске алынып, макулдугу менен болду

Баткендин Ак-Сай айылынын кире беришине, башкача айтканда, Ак-Сай постунун ордуна милициянын пунктун ачууну чечтик. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди
Анын айтымында, Ак-Сай посту менен Тажикстан тараптын Шаршара постунда чыр-чатак көп болот. Булар алынгандыктан алардын ордуна милициянын пунктулары ачылмай болду.
«Тажик тарап Ходжала айылына милициянын пунктун ачат. Ал эми биз болсо мындай пунктуну Ак-Сай айылынын кире беришине коёбуз. Ал жакта милиция кызматкерлери тартипке көз салышмакчы. Эки тараптан тең чек арага куралданган жоокерлер турбайт», — деди Ташиев.
УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы үч пост, бир заставаны алуу боюнча чечим чыр-чатакты мындан ары болтурбай кармап туруу үчүн кабыл алынганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан үчтөн пост, бирден заставаны алып салуу макулдашылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев алардын алынышы боюнча буларды билдирди.
«Төрт заставанын алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болду. Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чатактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан «сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың» деп бири-бирибизди күнөөлөп калабыз. Башкача айтканда, эки тараптын заставаларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген», — деди Ташиев.
Ал эми мамлекеттик чек араны кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Аскер кызматкерлери чек араны бойлой көрсөтүлгөн, макулдашылган маршруттар боюнча жүрөт. Андан сырткары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп келген тилкелерге видеобайкоо камераларын орнотууну макулдашты.



