Окуялар

Чоочун адамдын банк карточкасынан 27 миң сомун чыгарып алган аял кармалды

20-сентябрь күнү Жети-Өгүз РИИБне Кызыл-Суу айылынын 62-жаштагы тургуну кайрылып, 15-августан 20-августка чейинки аралыкта белгисиз себептер менен эсебинде 27000 сом бар банк карточкасын жоготуп алгандыгын билдирген. Ошондой эле, 5-сентябрда белгисиз адамдар эсебиндеги акча каражатын толугу менен чыгарып кеткендигин кошумчалаган.

Жабырлануучунун арызы райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жакында, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү жана балдар иштери боюнча инспектору тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал, Кызыл-Суу айылында жашаган 40 жаштагы Ж.Г. аттуу аял киши болуп чыкты. Алгачкы сурактын жүрүшүндө, банк карточкасын көчөдөн табып алганын, андан кийин 27000 сом акча каражатты ошол эсептен алгандыгын билдирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button