Коом

Интернетте митинг кылабыз деген саясатчылар менен активисттердин сүйлөшүүсү тарады

Интернетте камактагы саясатчылар менен жарандык активисттер бийликти басып алуу менен баш аламандыктарды даярдап жатышкан делген сүйлөшүүлөрдүн аудио жазуусу жарыяланды. 

Сүйлөшүүдөгү аудио жазуулардын биринде мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун делген адамдардын үнү угулуп жатканы айтылат. Алар митингди уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашат.

«Биз бир топ саясатчылар менен сүйлөшүп жатабыз. 2-3 күндүн ичинде биригүү деген сөздөр болуп жатат. Менин сунушум ДДКнын үстүнөн биригебизби бирдикте ошол саясатчылар же өзүнчө бир коом түзүп туруп, биригип туруп, иш башташ керек. Бир гана митинг өткөрүш керек. Башташ керек. Митингди башташ керек»,— дейт Кубанычбек Кадыровдун үнү делген аудиодо.

Ал эми Жеңиш Молдокматовдуку делген үн эл биригүүнү күтүп жатканын айтат. Ошол эле видеодо Адахан Мадумаровдун үнү делген да жазуу бар. Анда анын «эртең, дүйшөмбү күнкүгө чейин «Равшан мырза, Мамбетжунус мырза, Азимбек жана Клара айым — мына ушул 5 киши даярданышы керек»,- дегенин угууга болот.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева менен мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун сүйлөшүүсү жазылган делген видео да тараган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button