Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды

20-ноябрда Перс булуңунун боюнда жайгашкан Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы беттеш Эль-Хаур шаарында Катар жана Эквадор курамаларынын ортосунда өтүп, оюн түштүк америкалыктардын пайдасына 0:2 эсебинде аяктады.

Мелдештин ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз сөзүндө дүйнөлүк чемпионат түрдүү ишенимдеги адамдардын башын бириктиргенин айтты.

Биринчи жолу араб өлкөсүндө уюштурулган футбол чемпионатынын оюндары Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өтөт. Катардагы климатка байланыштуу күз жана кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллардан ашык каражат сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат.