Билип алыңыз! Суу ичүү эрежелери

Көп адамдар сууну бир жакка бара жатканда, чуркоодо, сейилдөөдө ичкенди жактырышат. Бул чоң жаңылыштык. 

“- Суюктук жетишсиз болсо, денебиз жабыркайт. Тамак сиңирүү системасынын иши бузулушу мүмкүн, бөйрөк, боор жана башка органдар жабыркайт. Муну сиз өзүңүз да сезесиз, анткени сиздин ичиңиз көөп, ашыкча салмак менен көйгөйлөр пайда болот”, – деди Ирина Юзуп.

Ошол эле кезеңде дарыгер сууну канча ичкениңиз гана эмес, аны кантип ичкениңиз да маанилүү экенин сөз кылды. Анын айтымында адам баласы сууну тик туруп ичсе, организмге зыяны сөзсүз тийет.

“- Сууну тамак сыяктуу эле отурган абалда ичүү керек. Турган абалда суу ичүү организмдеги суюктуктун балансын бузуп, муундарда суюктуктун топтолушуна жана артрит оорусунун өнүгүшүнө алып келет. Отурган абалда нерв системасы жана булчуңдар бошоп калат, бул суу менен тамак-аштын ассимиляция процессин жеңилдетет.Мындан тышкары, бул абалда бөйрөктөр кирген суюктукту жакшыраак фильтрлейт”, — деди адис.

Бирок сууну тик туруп ичсе эмне болот? Чындыгында сууну туруп ичкенде тамак сиңирүү трактынын иши басаңдайт. Суюктук ашказанда көпкө турбай, түз он эки эли ичегиге кирээрин түшүндүрдү. Андыктан отуруп ичүү адаты тамак сиңирүү, бөйрөк жана табарсыктын иштешин жакшыртат.