Коом

ИИМ: Бир жылдан бери издөөдө жүргөн баңгизатын сатуучу кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын аймагында козголгон кылмыш иштеринин алкагында 1986-жылы туулган, Ничке-Сай айылынын М.А. аттуу тургуну жалпы салмагы 2 кг.160 грамм болгон баңгизатын алып коюу боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында изин суутпай М.А. аттуу жаранды иш жүзүндө кармоого мүмкүн болгон эмес, анткени ал жаран кылмыш жасалган учурда «гашиш» баңги каражатын катканга жетишип, кылмыш жасалган жерден качып кеткен.
Жалал-Абад облусунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы санкциясынын негизинде издөө жарыяланып, кармалган учурдан тартып камакка алуу чарасы тандалып алынган.
Мындан тышкары, М.А. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган мурда козголгон үч иш кылмыш иши боюнча (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталууда.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 17-ноябрында Жалал-Абад облусунун Сусамыр өрөөнүнүн аймагында М.А. аттуу жаран кармалып, Жалал-Абад облусунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда кармалган М.А. аттуу жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы болгон кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button