Коом

Ата мекендик өндүрүүчүлөр Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу чараларын сунуш кылышты

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу коркунучтуу чекте турганы жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө республика азык-түлүк импортуна 80% көз каранды. Мындан тышкары, баанын өсүшүнөн кадимки азык-түлүктөрдү сатып ала албай жаткан жашоочулардын саны өсүп жатат. Бул оор абалдан чыгуунун жолун кантип тапса болот? Бишкекте ишкерлер, фермерлер, көз карандысыз эксперттер, илимий чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чогулуп, азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизген маселелерди талкуулашты.

Агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрүнүн айтымында, азык-түлүк коопсуздугунун мындай начар болушуна бир катар факторлор себеп болууда: контрабанда, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн импорттон корголбогондугу, ички рынокто сатуудагы кыйынчылыктар, чийки заттын кымбаттыгы, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башкалар.

«Бүгүн биз контрабанда, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын соода түйүндөрүнө кирүү, салыктык башкаруу, текшерүү ж.б. көйгөйлөрду айтып жатабыз. Бирок биз даттануу үчүн эле эмес, сунуштарды берүү үчүн чогулдук – ишкерлер өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен экономикага кандай жардам бере алат, ошондой эле импортту алмаштыруунун деңгээлин төмөндөтүүгө кантип жардам бере алышат? 2020-жылдагы пандемия, дүйнөдөгү бүгүнкү тынч эмес окуялар биздин кандай абалда экенибизди көрсөтүп турат. Кырдаалды өзгөртүүгө мезгил келди, бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок мамлекеттин колдоосуна муктажбыз”, — дейт Агроөнөр жай комплекси ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев.

АПК ассоциациясынын жетекчисинин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү жагдай, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн соода түйүндөрүнө кирүү маселеси болууда. «Импортчулар үчүн соода түйүндөрүнө кирүү үчүн жакшы шарттар бар экенин баары билет. Жергиликтүү өндүрүүчүлөргө да соода түйүндөрүнө кирүүгө кенен мүмкүнчүлүк берүү, ретро бонустар жана маркетингдик төлөмдөр түрүндөгү жыйымдарды 5 пайызга чейин төмөндөтүү жана төлөө мөөнөтүн кыскартуу керек деп бир нече жолу айтканбыз. Мунун баары биздин ишкерлердин өсүүсүнө жана потенциалын жогорулатууга шарт түзөт. Бул ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн чоң колдоо. Биз айткан бул фактылардын баары өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет», — деди Рустам Балтабаев.

Мындан тышкары, ишкерлер азык-түлүк коопсуздугу боюнча түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн башка жолдорун айтышты. Алардын арасында: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кластердик мамиле, дыйкандарга жеңилдетилген кредиттерди берүү, жасалма товарлар менен контрафакттарга каршы күрөшүү, жер астындагы сууларды ирригацияга пайдаланууну лицензиялоону жоюу, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн салык режимин жана башкарууну жөнөкөйлөтүү.

«Биз өлкөбүз абдан алсыраган абалда экенин түшүнүшүбүз керек. Азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчү начарлап баратканына көз жумуп коё албайбыз. Өлкөбүздө жакырчылык күч алууда, азык-түлүк кымбаттоодо. Акыркы үч жыл биз үчүн абдан оор болду: 2020-жыл — пандемия, 2021-жыл — COVIDден кийинки мезгил, быйылкы оорчулук орус-украин кризисинен келип чыкты. Бир жагынан бизде экономикалык төмөндөө жок. Бирок, экинчи жагынан биздин азык-түлүк коопсуздугу боюнча көрсөткүчтөр дагы бир жолу импортко көз каранды экенибизди “кыйкырып” турат.

Кыргызстанда калктын 33% жакырчылык чегинен төмөн күн көрүп жатат (бул өткөн жылдын маалыматы), 2020-жылы бул көрсөткүч 25%, 2019-жылы 20% түзгөн. Азыр 2 миллион 200 миң жараныбыз жакырчылыктын чегинде жашайт. Ачкачылык чеги деп да аталган өтө жакырчылыктын ылдый жагында 2021-жылдын маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын 6%, башкача айтканда, 420 миң адам жашайт. Жакынкы мезгилде жакырчылык дагы күчөйт, калктын негизги тамак-ашка жетүүсү дагы да чектелет. Мунун баары келечекте улуттун саламаттыгына таасирин тийгизет”, — деп эскертет көз карандысыз эксперт, Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу саясаты институтунун директорунун орун басары Канат Тилекеев. «Мамлекет ата мекендик өндүрүшчүлөргө жардам бериши керек. Биз чогуу иштешибиз керек. Бизде азык-түлүк коопсуздугунун абалын өзгөртүүгө башка жол жок”.

Ушул тегерек стол өтүп жаткан учурда КР Жогорку Кеңешинин да жыйыны болуп, анда “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзам долбоорун өзгөртүүлөрдү киргизүү биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Гүлшаркан Култаева бул документтин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн маанисин белгилеп, мыйзам долбоору контрагентти кызмат көрсөтүү, тамак-аш азыктарын, логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү, мындай товарларды даярдоо, кайра иштетүү, таңгактоо боюнча кызматтарды жана башка ушул сыяктуу кызматтарды, ошондой эле башка келишимдерди жылдыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө багытталган анын ичинде үчүнчү жактар ​​менен келишимдерди түзүүгө мажбурлоого тыюу салаарын белгилейт. «Мыйзам долбоорунда соода ишканаларынын пайдасына тамак-аш азыктарын жеткирүүчү тарабынан бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5%га чейинки чектөө киргизилген. Бул сатылып жаткан азык-түлүк товарларына керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын стимулдаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө бөгөт койбогон механизмди түзөт», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өлкөдө ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү зарылдыгын көрсөтүп, өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да ата мекендик товарларды чет өлкөлөргө чыгаруу боюнча чараларды көрүшү керектигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button