Рысгүл Акимжанова Жогорку Кеңештин депутаттары Сурабалдиева менен Айдарбековду “хайповать эткендер” деп сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Чингиз Айдарбековду УКМК кармап кетти, дайынсыз болууда деген маалыматты анын кесиптеши Эльвира Сурабалдиева тараткан. Бирок анын кармалбаганын комитеттен билдиришкен.

Көрсө, Чингиз Айдарбеков чет өлкөгө чыгып кетип, атайын элдин көнүлүн өзүнө бурдургусу келген. Кечээ, “мен жакшы эле жүрөм, кабатыр болбоңуздар. Интернетке эми кол тийди”,-деген кайрылуу жасаган.

Эми, ушул заманда кантип эле интернетке убактысы болбой калсын. Үч-төрт күндөн бери аны издеп жатышса, популист кесиптештери Жанар Акаев менен Эльвира Сурабалдиева болушунча пайдаланып сүйлөп алышты. Бул популисттерге айла жок турбайбы. Булардын ирээнжиткен жоругуна керек болсо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Эмиль Токтошевдин аялы дагы жийиркенип пикир калтырыптыр.

“Адаттагыдай хайповать эткиси келгендер хайп тутту, коллегалары ага теңелбей кутулушту. Бул биринчи жолу эмес, жадап чыгышкан”,-дейт ал.