Маданият

Элмирбек Иманалиевдин ыр китеби казак тилине которулуп, бет ачары Алматыда болду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан «Аманат» аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканада өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан “Аманат” аталышындагы китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.

«Иманалиев төкмө акын жана обончу катары буга чейин эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын калемине таандык керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, анын көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылууда. Китептин бет ачарында анын ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары обондуу ырларынан ырдашты»,— дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button