Саясат
Медер Алиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагалыгынан кетти
Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти.
Парламенттин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынында Алиев өз каалоосу менен кызматын бошотуп бергенин билдирди. “Бул чечимди мен өзүм кабыл алдым, мени эч ким мажбурлаган жок”, — дейт ал.
Эскерте кетсек, Медер Алиев аталган комитетти бир жыл жетектеди, башкача айтканда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары шайланып келгенде 2022-жылдын 12-январында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына шайланган.