Россиядагы мигранттарга жаңы талаптар тууралуу эскертилди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген кыргызстандыктар кийинки жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керектигин эскертти.

Быйыл жайында Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2021-жылдын 29-декабрына чейин келген чет элдиктер манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүшү керек.

“Жарандар жогоруда аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 180 календарлык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2023-жылдын 10-январына чейин бул процедуралардан өтүшү керек”, — деп айтылат билдирүүдө.