Коом

Баткен шаарында милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөтүүдө

Баткен шаарынын ички жолдору тардыгы, ошондой эле борбордук “Айдарали” базарынын айланасындагы жол тыгындарын иретке келтирүү максатында Баткен ШИИБдин кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Айрым бир айдоочулар айдаган унааларын мыйзамсыз жерлерге токтотуп, жол тыгындарын пайда кылууда, ошондой эле жол четине товарларын өз билемдик менен жайып алып сатуучуларга жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратууда.
Милиция кызматкерлери М.Нургазыев, М.Салихов, Т.Садыков жана Сайдиман-Ажы көчөлөрүндө укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 18 жаранга протоколдор толтурулуп, 24000сом айып пул салынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button