14-15-декабрда Садыр Жапаровдун катышуусунда футболдук турнир өтөт

Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Иш-чара “Газпром” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этапка чыгат.

Беттешке төмөнкү командалар катышат:

президенттин командасы;

маданият өкүлдөрү — “Өнөр”;

белгилүү ишкерлер — “Бизнес”;

массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”;

футбол ардагерлери – “Алга”;

спорт федерацияларынын жетекчилери — “Спорттук федерациялар”;

Жогорку Кеңештин депутаттары — “Жогорку Кеңеш”;

президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;

дин өкүлдөрү — “Ыйман”;

Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”;

ооруканалардын башкы дарыгерлери — “Ден соолук”;

окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”;

сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;

күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — “Коопсуздук”;

белгилүү спортчулар — “Спорт жылдыздары”;

Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери — “Достук”.

Турнир сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды таанытуу жана достукту бекемдөө максатында өтөт. Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен уюштурулуп, жылына эки жолу өтөт.

Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.