Коом

Талас шаарында акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулду — ФОТО

Башкы демөөрчү «Альянс Алтын»

Байдылда тууралуу кыскача баян

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байдылда Сарногоев Талас районуна караштуу Кара-Ой  айылында 1932-жылы туулган. Алгачкы билимди кичи мекениндеги Көк-Арык мектебинен алып, 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Окууну бүтүп келип эле «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1951-жылдан тартып СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1959-73-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.  2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

Акынды унутпаган «Альянс Алтын»

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Талас облусунда акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленди. 90 жылдык мааракенин урматына Талас шаарына акындын айкели орнотулду жана чоң масштабдагы эскерүү иш-чара болуп өттү. Дал ушул иш-чаранын башкы себепкери болгон акындын айкелинин  тургузулушуна башкы демөөрчү болуп «Альянс Алтын» компаниясы 3 миллион сом бөлүп берди. Демилгенин «Кең Талас» коомдук уюму көтөрүп каражат жагынан көмөктөшүү үчүн компанияга кайрылышкан. 

Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драм театрындагы эскерүу иш чарасында Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, академик Алтай Бөрүбаев, уулу Бахтияр Сарногоев баштаган акындын замандаштары, калемдеш жакындары, аны тааныгандар сөз сүйлөштү.

Алтай БӨРҮБАЕВ, Академик: «Альянс Алтын» компаниясына ырахмат»

Акындын 90 жылдыгын  өткөрүү боюнча демилгечи топтун жетекчиси, айылдаш иниси, коомдук-саясий ишмер, академик Алтай Бөрүбаев, акындын айкелин Таласка тургузуу үчүн 2016-жылдан бери аракеттер болуп, бирок ишке ашпай келгенин айтып, айкелди жасатуу чыгымын көтөрүп 3 миллион сом берген Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы экенин белгиледи: «Акындын айкелин Талас шаарына тургузуп алууну көп жылдардан бери максат кылып келгенбиз. Таластык азамат уул-кыздарыбыз чыгып каражат чогултуп 90 жылдыгын өткөрүүгө бел байлап калышты. Анан айкелди жасатууга көп каражат керек болгондугуна байланыштуу мен аксакалдарды чогултуп алып «Альянс Алтын» компаниясына бардым. Алар да биздин сунушту угушуп, айкелди жасатууга кеткен 3 млн. сом чыгымды көтөрүп беришти. Ырахмат баарына!», — деди Бөрүбаев.

Бахтияр САРНОГОЕВ, акындын уулу: «Атамды унутпай эскергендерине рахмат!»

«Биз атамды дайым баалай билген окурмандарына, Талас элине абдан ыраазыбыз. Ар дайым эскерүү менен бирге ар кандай иш-чараларды уюштуруп келишет. Ал эми бүгүнкү айкелди тургузууда жардам берген «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Бул компания бир эле бизге эмес өлкөгө, Талас облусуна жардамын тынбай берип келгенинен кабарыбыз бар».

Түмөнбай КОЛДОШОВ, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары: «Эң ириде маданиятка көңүл бөлүп жатканы үчүн аталган компанияга ыраазычылык билдиребиз»

Бүгун биз жакшы бир иш-чарага күбө болуп отурабыз. Министрлик тараптан акын Байдылда атабыздын 90 жылдыгына карата жыл башынан бери көптөгөн иш аракеттер жасалууда. Буга чейин республикалык акындардын айтышы өткөн, айылындагы маданият үйүндө бюсту орнотулган. Эми минтип Таласта чоң маараке өтүп, эстелиги ачылууда. Эстелиги абдан жакшы жасалганын баардыгыңыздар көрдүңүздөрУшул эстеликти жасатууда каражат жагынан жардамын берип, 3 млн сомго жакын акча бөлгөн «Альянс Алтын» компаниясы экен. «Эң ириде маданиятка көңүл бөлүп жатканы үчүн аталган компанияга ыраазычылык билдиребиз»

Талас шаарына Байдылда Сарногоевдин айкелинин туруп калышына абдан аракет кылып, аны орнотууда опол-тоодой эмгек кылгандардын сап башында  «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Калыбек ТАЙТЕКЕЕВ турганы жыйында айтылды.

«Акындын айкелин Талас шаарына орнотуу мурунтан эле айтылып келгени менен убакыт-сааты 90 жылдыгында чыгып, ишке ашып отурат. Бул «Альянс Алтын» компаниясы менен жергиликтүү элдин биримдикте, ынтымакта иш алып баруусунун натыйжасын десек болот. Айкелди кыргыздын мыкты скульптору  Нурлан Кебек уулу жасады. Дээрлик жарым жылда даяр болгон айкел колодон куюлуп жасалды. Постаменттен тышкары акындын стулда отурган шекилдеги айкелинин бийиктиги эле эки жарым метрге жетет. Жалпы бийиктиги 4-4,5 метр болду», — деди Калыбек ТАЙТЕКЕЕВ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button