Юридикалык билими жок, инженер-куруучу Азиза Абдирасулова адам укугун кантип коргойт?

“Кыргыздар чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дейт. Укук коргоочумун деген Азиза Абдирасулованын кесиби инженер-куруучу экен. (Образование: Майли-Сайский Электромеханический техникум -1975-78 гг. Томский инженерно-строительный институт, ПГС 1982-88 гг.).

ϴмүр баянына саресеп салсак, абдан кыска:

2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Кылым шамы» коомдук фондунун директору.

1998-2001-жылдары – жеке бизнес.

1990-1998-жылдары – Майлуу-Суу шаардык мэриясы, соода борборунун жетекчиси.

1984-1990 – П/X “Полюс” с. Киреевск, Томск областы — баалоочу, бригадир, нɵɵмɵт башчысы.

1978-1984-жылдары – Майли-Сай электр лампа заводу, монтаждоочу, технолог, улук технолог.

Ошондо кайсы максат менен, кандай билим жана тажрыйбага таянып инженер-куруучу Азиза Абдирасулова укук коргоочу болуп кеткени кызык болуп жатат. Адатта, жогорку билимдүүлɵрдүн кɵбү юридикалык экинчи жогорку билим алышат эмеспи. Азиза эжебизде ал дагы жок экен. (https://mognovse.ru/ect-rezyume-f-i-o-abdirasulova-aziza-papanovna-god-i-mesto-roj.html).

Азиза Абдирасулова 2003-жылы ɵндүрүш менен жеке ишкерликти таштап, коммерциялык эмес укук коргоочу “Кылым шамы” уюмун ачат. Буга чейин Жалал-Абадда иштеген Абдирасулова жаңы ачкан “Кылым шамы” уюмунун ишмердигин Бишкекте жүргүзɵ баштайт.

“Уюмдун негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү жана коргоо аркылуу демократиялык, укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” болот. Ал учурларда ɵлкɵдɵгү коомдук саясый кырдаал туруктуураак болуп, Азиза Абдирасулова сыяктуу укук коргоочулар жаңыдан тааныла башташат.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, Абдирасулова 2010-жылдагы кандуу Ош окуясында кылмышкер Азимжан Аскаровду коргоп, актоого аракет жасап, батыштын акчасына биротоло кыныкканын кɵрсɵттү. Ош окуясында жакындарын жоготкондор дана коомчулук дагы Абдирасулованын Аскаровду коргоп чыкканын катуу сынга алып, наалат айтышкан. Аксакал укук коргоочу ага деле кɵнүл бурган жок. Ишин андар ары улантты.

Акыркы жылдары коомчулукка кɵп чыкпай,   “Кылым Шамынын” аты ɵчүп бара жатты эле. Уучубуз куру эмес экен. Азиза Абдирасулова карачечекей кызы Гүлшайыр Абдирасулованы ɵзүнүн жолун улантууга даярдап, батыштын акчасы менен жашоонун даамын сездирип, Кыргызстандын ички душманына айлантыптыр. 5-декабрд Гүлшайыр Абдирасулова Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин айрым жерлеринде жыйын өткөрүүгө тыюу салган чечимине каршы арызданды. Мындай маалыматты “Азаттык” жарыялады.  Ошондо бейɵкмɵтчүлɵр митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болоруна канааттанбай, мурдагыдай Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тегерегинде акция ɵткɵрүүнү каалап жатышыптыр. Себеби, мындан ары батыштан ар кандай саясый акцияларды алуу үчүн митинг, пикет, жүрүштɵрдү ɵздɵрү каалаган жерлерде ɵткɵрɵ албайт. Алардын демɵɵрчүлɵрүнүн оюндагыдай митинг ɵтпɵсɵ, акча келбейт. Бул белгилүү нерсе.

Азыр 25ке жакын укук коргоочу, жарандык активист, саясатчымын дегендер Кемпир-Абадды шылтоолоп массалык баш аламандык уюштурууга шектелип камалып отурат. Кыргыз коомчулугу булардын камалышын туура кɵрдү, колдоду. Ошолор камалгандан бери элдин арасы да тынчып калды деген пикрилерин соцтармактарда билдирип жатышат. Элге тынчтык гана керек.

Азиза айымдын үй-бүлɵсү, кызы  жана жакындары да батыштын гранттары менен жашашып, катардагы карапайым адамдардын жашоосун аңдабай калышса керек.

Антпесе, Гүлшайыр Абдирасулова мининг ɵткɵрүүчү жерлерди кɵбɵйтүп бер деген арыз менен кайрылбайт эле.

Мына, НПОлор менен элдин ортосундагы ажырым!

Мына, батыштын саясатына азгырылуу!

Мына, мекенге, жерге болгон сезимдин жоктугу!

Мына, батышчыл эненин бүлɵсү да батышчыл болгон мисал!

Бектурсун Исмаилов