Пайдалуу кеңештер

Бөбөк ооруганда эмне кылуу керек?

Күз-кыш мезгилдеринде грипп жана сасык тумоо күч алат. Бала сасык тумоодон бат айыгуу үчүн эмне кылуу керек, кандай аракеттерди көрүү зарыл?  Дене тапты түшүрүүчү дарыны дененин температурасы жогору болуп, зарылчылык жаралган учурда гана ичүү туура. Эгерде баланын эти үч күн бою ысып туруп алса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу кажет.

Температура түшүп, бир аз күч пайда болгондо кичинекейди сыртка алып чыгууга болот. Бирок мында башка бөбөктөргө оору жугузбоону ойлонуу зарыл, балдарга жукса, алар ата-энесине жугузат, ошентип эпидемия башталат.

Дарыгердин айтымында, сасык тумоо бат өтүп кетпейт. Оорудан кийин да алсыздык, шалдыроо көпкө чейин уланышы мүмкүн. Ошондуктан илдеттен кийин организмдин калыбына келишине маани берүү зарыл.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button