Кышында бетти кантип туура жууш керек?

Кышында үйгө киргенден кийин дароо бетти жууганга, курамында спирт бар нерселерди колдонууга болбойт. Бул тууралуу дерматокосметолог Светлана Студеникина билдиргенин Gazeta.ru басылмасы жазды.

«Спирт камтыган кам көрүүчү косметикалар теринин коргоочу липиддик тосмосун кургатып жиберет. Мындан улам беттеги тери кургайт. Майларды колдонуу нымдуулукту тез жоготууга алып келет, ошондуктан аларды колдонуудан да баш тартуу керек», — деп түшүндүрдү ал.

Дарыгердин айтымында, бетти жылуу сууга гана жууш керек. Ысык суу теринин коргоосун бузат, кан тамырларды кеңейтет, бул теринин кургашына же кызарууга алып келет. Ал ошондой эле нымдатуучу кремдерди кышында кечинде эле колдонууга болорун, ал эми күндүз азыктандыруучу гана кремдерди колдонсо болорун айтты.