Коом
Кыргызстанда эки күндүн ичинде 10дон ашуун мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык 27-28-декабрь күндөрү «Рулда» жана «Бахус» аталышындагы рейд өткөрдү.
Анын жүрүшүндө 15 мас айдоочу кармалып, документи жок рулга отурган үч айдоочу аныкталган. Эки айдоочу унаасынын терезесин караңгылатып алган, 17 автоунаа убактылуу айып короо жайына киргизилди.



