УКМК: 5 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жарандар кармалды – ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, салмагы 5 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган учурда 1988-ж.т. Д.А.М., 1988-ж.т. Б.О.А. жана Ж.Т.Ж. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 3-январында Д.А.М., Б.О.А. жана Ж.Т.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде Д.А.М., Б.О.А. жана Ж.Т.Ж. КР УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.