Суукта үшүктөн кантип сактанса болот? Адистин кеңеши

Өлкө аймагында катуу суук башталды. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борбору катуу үшүп калуудан коргонуу жолдорун айтты.

Борбордон билдиргендей, мындай аба ырайы гипотермия жана үшүк алуу ыктымалдыгын жогорулатат.

Гипотермия – дене температурасынын 35°C же андан да төмөндөшү. Үшүк – сууктун (-10°С… -200С төмөн) таасиринен дененин кайсы бир бөлүгүнүн бузулушу.

“Гипотермия балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Балдарда дененин терморегуляциясы толук калыптана элек, ал эми улгайган жана айрым илдети бар адамдарда бул функция көбүнчө бузулат”, — деди борбордон.

Гипотермиядан жана үшүктөн сактануунун жөнөкөй эрежелери:

Таманы калың, өзү жылуу, сөзсүз түрдө кыспаган бут кийим кийиңиз;

Колго шамал өткөрбөй турган кездемеден тигилген кол кап керек;

Жаакты, ээкти, моюнду шарф менен ороп алыңыз;

Чоңдор да, балдар да жылуу баш кийим кийиши керек;

Жылуу кийинүү зарыл, бирок кийимдер денени дем алдыргандай жана кенен болгону туура. Бул кандын өз калыбында айлануусуна өбөлгө түзөт;

Катуу суук болуп жатканда ачка, өтө чарчаган абалда эшикке чыкпаган оң;

Ысык тамак же лимон, бал кошулган ысык чайды үйдөн чыгардан жарым саат мурда, же андан эртерээк ичүү кишинин үшүбөй жүрүшүн шарттайт;

Алкоголдук ичимдиктерден алыс болгон туура;

Суукта тамеки тартпаганга аракет кылуу керек, себеби суукта чылым чегүү тарамыштардын түйүлүшүнө алып келет, бутта кандын жүгүрүшүн начарлатат.

Ден соолукту чыңдоо борбору адамдарды катуу суукта өтө алыска, ээн талаага барбоону эскерткен. Сыртта көп жүрбөй же эшикте иштеп жатса, катуу үшүгөндө улам имараттын ичине кирип жылынуу менен суук өтүүнүн алдын алууга болорун эскертишкен.