Сууктан жана үшүк алуудан сактануу жолдору

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, аномалдуу суук болууда. Синоптиктер кээ бир аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын эскертишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертет.

Сууктан сактануу эрежелери:

Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Мындан сырткары, суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат.

Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат.

Ошондуктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу сунушталат.

Абанын температурасы -15 градустан төмөндөгөн учурда үшүк алдыруудан сактануу үчүн денеңизге кам көрүңүз. Дарыканалардан, дүкөндөрдөн бальзам, мазь, крем жана башка коргоочу каражаттарды сатып алсаңыз болот.

Ошондой эле жылуу кийинүү, нымга туруктуу кийимдерди колдонуу сыяктуу коргонуунун элементардык эрежелерин сактоону унутпаңыз.

Үшүк алуудагы биринчи жардам

Дененин үшүк алуусу төмөндөгү белгилер аркылуу байкалат: адамдын денесинин үшүк алган бөлүктөрүнүн сезгичтиги жоголот жана ачышуу, сайгылашуу сезимдери пайда болот.

Үшүктүн 3 даражасы бар:

биринчиси – үшүк алган тери кубарып кетет;

экинчиси – денеде ыйлаакчалар пайда болот;

үчүнчүсү – дененин үшүк алган бөлүгүнүн көгөрүүсү.

Экинчи жана үчүнчү даражадагы белгилер пайда болгон учурда үй шартында дарыланбастан, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

Ал эми биринчи даражадагы үшүк белгилери байкалса жылуу бөлмөгө кирип, үшүк алган жерлерге калың марли же пахта коюп, клеенка менен таңуу сунушталат.

Үшүк алган колду же бутту ванна кабыл алуу менен да жылытса болот. Суунун температурасы +20 градустан улам жогорулатуу аркылуу +40 градуска чейин жеткирүү зарыл.

Мындай процесс 40 мүнөткө созулуп, үшүк алган дене бөлүктөрүн жай укалоо керек. Андан кийин чай же башка жылуу суусундук ичсеңиз болот.

Мындан сырткары, организмиңиздин жалпы абалына байкоо жүргүзгөндү унутпаңыз. Анткени үшүк алуунун экинчи жана үчүнчү даражасынын белгилеринин пайда болуу ыктымалдуулугу бар.

Үшүк алганда эмне кылууга болбойт

Адамдардын көпчүлүгү теринин үшүк алган жерлерин сүртүү жардам берет деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Анткени сууктан улам кан тамырлар морт болуп, сүртүү учурунда аларга зыян келүүсү мүмкүн. Натыйжада пайда болгон чакан көк алалар аркылуу организмге инфекция кириши мүмкүн.

Ошондой эле үшүк алган бутту тез жылытууга болбойт – бул жабыркаган ткандардын калыбына келүү процессин начарлатат.