Окуялар

Сокулукта кытай ишкерлерин тоноого шектүүлөр кармалды

Кытай ишкерлерин тоноого шектүү беш адамды кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматында 9-январда Сокулук районунда кытай ишкерлерин тоноп кеткен факты катталган.

«Таңкы саат беште Сокулук кыштагындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан «Ремп Груп» ишканасына бир нече адам кирип келип, кытайлык эки ишкер менен ишканадагы кызматкерлерди сабап, 650 миң сомун тоноп кеткен. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене («Талоончулук») катталып, тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат», — деп жазылган маалыматта.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук милициясы кармагандардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган, Балыкчы шаарынын тургуну. Ушу тапта тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын былтыр Улуттук статистика комитети маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button