Окуялар

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун шериги кармалды — ВИДЕО

2023-жылдын 13-январында КР УКМК Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы тарабынан, Сузак районунун аймагынан, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылында туулган Эл аралык террористтик уюмдун шериги Х.А.С. кармалды.

Кылмыш иштин 255-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында, Х.А.С. “жихадчы” идеологиянын активдүү жактоочусу катары социалдык тармактар аркылуу Сириядагы ЭТУнун эмиссарлары менен байланышып, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен ЭТУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу үчүн «Тик Ток» жана «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчасында ЭТУнун радикалдык үгүтчүлөрүнүн «Джамаат Таухид ва-Джихад» жана «Өзбекстан ислам кыймылынын» видеокайрылууларын таратып, пропагандалагандыгы аныкталды. 

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында X.А.С.дын жашаган жеринен, радикалдуу видеолорду жарыялап колдонуп жүргөн 3 уюлдук телефон табылып алынган.

Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button