Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө «Камкордук» аталышында иш-чара өтүүдө

Аномалдуу суукка байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көрсөтмөсү боюнча аймактын аймагында «Камкордук» иш-чарасы өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө облустук милициянын өздүк курамы калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган. Ал эми, алыскы калктуу пункттарга милициянын көчмө кабылдамалардын чыгуулары уюштурулган.

Милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекторлор аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор абалда калган жалгыз бой пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана белгилүү жашаган жери жок адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырууларды алып барышууда. Зарыл болгон учурда милиция кызматкерлери аларга чарбасына жеринде жардам берип, үйгө отун, көмүр, суу киргизип, карды тазалап беришүүдө. Аныкталган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарлашууда.

Алып айтсак, 16-январда Ысык – Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 жалгыз бой улгайган адамга жана 5 көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Ысык-Көл областынын аймагында» Камкордук » иш-чарасы уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button