Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 71,5-чакырымында бүгүн, 18-январда саат 12:00дөр чамасында үч унаанын катышуусунда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, “ВАЗ-2107” унаасы Парковая көчөсүнөн айланма жолго чыга калып “Мерседес Бенц” унаасын сүзүп, андан ары “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү кичиавтобус менен кагышкан.

Кырсыктан кичиавтобустун 36 жаштагы А.Т.Б. аттуу айдоочусу каза болуп, беш жүргүнчү жабыркады.

Учурда териштирүү иштер жүрүүдө.