Акын Болот Назаров сот залынан бошотулду

Ат уурдоого шектелип камакта жаткан акын Болот Назаров сот залынан бошотулду. 

Маалыматка караганда, тосмо арыздын негизинде иш кыскартылган.

  • 7-ноябрь күнү милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Акын бул айыптоону четке кагып, аны ушундай жол менен шылдың кылып жатышканын айткан. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.