Саясат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келди
Өзбек делегациясы «Манас» аэропортунан «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясын көздөй жол тартты.
Шавкат Мирзиёевди Бишкекке жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди.
Кадырлуу конокторду аэропорттон Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.
Ошондой эле Шавкат Мирзиёев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы Үркүндө каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.
Аны Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.
Мирзиёевдин расмий сапарынын негизги иш-чаралары эртең, 27-январда болот.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG