Лейлекте жарандардын ок атуучу куралдары текшерилди

2023-жылдын 25-26-январь күндөрү Лейлек РИИБдин милиция кызматкерлери Лейлек районунун аймагында “Камкордук”, “Арсенал”, “Экстремист” жана “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Анда Лейлек районундагы айылдарды кыдырышып, жарандарга мыйзамдуулуктун сакталышы, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми, Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Арка-2, Достук айылдарына барышып, ок атуучу куралы бар жарандар менен жолугушту. Жарандардын ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин текшеришип, мөөнөтү өтүп кеткен же атасынан калган ок атуучу куралдарды каттоо эрежелери боюнча кенен түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, Арка-2 жана Мурас айылдарынын жашоочуларына милициянын аймактык тескөөчүлөрү бир жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёт беришип, кылмыштуулукту алдын алуу, ок атуучу куралды колдонуу, сактоо эрежелери жана мурас катары өткөрүп берүүдө керектелүүчү кагаздар боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.