Коом
Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды салган челектен табылган ымыркай тууралуу маалымат берди

▪️наристе ай-күнүнө жетип төрөлгөн, бирок салмагы — 2,2 кг. Бала кандай шартта жарык дүйнөгө келгени белгисиз. Энеси изделүүдө
▪️кызыл эт ымыркайдын денесинин табы 28,4 градус, абалы оор болгон
▪️жандандыруу бөлүмүндө медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр абалы жакшы, өзү дем алып, кошумча тамак берилип жатат
▪️министрлик ымыркай үчүн төрөтканада бардык шарт түзүлгөнүн айтты



