Коом

Жаңы ыкма. Ош облусунун райондорунда сары таш менен ички жолдор курулат

Ош облусунун райондорунда жаңы ыкма – сары таш менен ички жолдор курулат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси алгачкы жолу 2023-жылдын март айынын аягына чейин Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө ишке ашырылып, 1 чакырым ички жол куруу пландалууда.

Ош облусунун башчысы Араван районундагы таш карьерге барып, жолго төшөлүүчү таштын сапатын жеринде көрдү. Зиядин Жамалдинов тиешелүү адистерге жолду сапатына көңүл бурууну тапшырды.

Аталган ыкма менен 2023-жылы башка райондордо да колдонулуп, ар бир райондун аймагында 1 чакырымдан ички жол куруу пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button