Пайдалуу кеңештер

Жарыялаган статусуңуз көп нерседен кабар берет. Психологдун көз карашы

Көп учурда адамдын угуп жаткан музыкасы ички эмоционалдык абалына туура келет. 

Адамдын ички дүйнөсүндө эмнелер болуп жатканын анын угуп жаткан музыкаларынан, көрүп жаткан тасмаларынан, социалдык тармактардагы аккаунтундагы башкы сүрөтүнөн жана жарыялаган статустарынан билсек болот. Өзүм да жеке тажрыйбамда кардарлардан алгач эле кандай музыка угуп жатканын сурайм. Мисалы, катуу депрессиядагы адамдар таптакыр музыка укпай калат. Эгер адам Тик-Токто жүргөн философиялуу видеолор менен статусуна бөлүшүп жатса, демек, ал ошондой абалда. Акылдуу сөздөрдү бөлүшө берген адамдарга ошол акыл жетишпей жаткан болушу мүмкүн. Албетте, бул жерден баары деп жалпы жыйынтык чыгаргандан алыспыз. Бирок көпчүлүгү десек жаңылышпайбыз. Анткени ар бир адам индивидуалдуу жан экенин унутпашыбыз керек. Социалдык тармакка бөлүшкөн жөнөкөй эле сүрөттөр көп нерседен кабар берет. Ким эмнени бөлүшүп жатса, ал нерседен адамдын таасирленгенин же ошол нерсеге жеткиси келерин аңдасак болот. Күлкүлүү окуяларды бөлүшө бергендер жакшы маанайда же маанайын көтөргүсү келип жаткандар болушу мүмкүн. Ал эми фильмдер тууралуу айта турган болсок, кайгылуу кинолорду көргөндөр ортодон ылдыйыраак маанайда жүргөндөр. Комедия жанрындагы тасмаларды көргөндөрдүн маанайы орто же ортодон жогору болушу мүмкүн. Жеке практикамда депрессияда жүргөн адамдар бир кинону толук көрө албай турганын байкадым. Жадагалса алар тамактын даамын да сезбей калышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button