Ачка учурда кайсы тамакты жегенге болбойт? Диетологдун кеңеши

Россиялык диетолог Наталья Круглова ач карын кайсы азыктарды жегенге болбой тургандыгын “Прайм” агенттигине айтып берди.

Адистин билдирүүсүнө ылайык, ден соолугу чың адамдар эртең менен каалаган тамагын жей берерин, андан кийин эч кыйналбай турганын белгилеп, бирок айрым эрежелерди эске алууга чакырган.

Ач карын жегенге болбой турган азыктарга цитрус өсүмдүктөрү кирет, айрыкча алардын ширеси зыян. Ал туз кислотасынын көп бөлүнүп чыгышын шарттайт, мындан улам зарна кылып кекиртет, ичти оорутушу мүмкүн.

Адис ачкарын сүт кошулбаган, коюу демделген кофе ичүү да зыян экендигин эскертет. Мындан тышкары, ачка болуп турганда таттууну, өзгөчө газдалган таттуу суусундуктарды ичпөөгө чакырган.

“Анда кант көп болгондуктан адам кошумча калория алып жаткандай сезгени менен кандагы канттын деңгээли дароо түшүп кетип, кайра ачка болуп баштайт. Эртең менен туруп эле жаңы бышырылган токоч, булочка өңдүү азыктарды жеген да туура эмес. Көпчүлүк кишилер эртең менен ачкарын токоч өңдүү ун азыктырын ысык бойдон жегенден кийин ичи көөп, зарна болушат”, — деген диетолог.

Ошондой эле ал ач карын спирт ичимдиктерин да ичпеш керектигин эскерткен.

“Алкоголдук ичимдиктерди курсак ток учурда да абайлап ичүү зарыл”, — деди адис.