Тынчтыктын кадырын билели! Батыштын эмес, Кыргызстандын кызычылыгын биринчи коелу!

Дүйнө жүзүндө тынчтыктын кадыры мүнөт сайын сезилип турган мезгил. Кыргызстан дагы жаңыдан өнүгүү жолуна түшүп келе жаткан мамлекет катары тынчтыккка жана бейпилдикке муктаж. Катардагы карапайым элге дагы, бийликке дагы ушулар маанилүү эмеспи. Ошентсе дагы, өлкөнүн бүтүндүгү менен тынчтыгынан өз керт башынын кызыкчылыгын жогору койгон, мекенчилдик сезимдери, улуттук намысы жок, батыштын акчасына жан баккан бир ууч топтор, эчен жылдан бери өз билгендерин кылып келишет.

Алар бейөкмөт уюмбуз деген жарлык менен кыргыздын улуттук менталитетине, каада-салтына жана жалпы эле адамзаттык баалуулуктарга каршы келген батыштын ыплас пропагандасын жүргүүзүүнү адат кылышкан. Жыл сайын 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата Бишкек  жана Ош шаарларында аялдардын укугун коргойбуз, ЛГБТларга эркиндик берилсин, ж.б. деген чакырыктар менен жөө жүрүш, митингдерди өткөрүшөт. Аялдардын укугу бир-эки жолу митингге чыгып, плакат көтөрүү менен коргоп калса жашоо керемет болбойт беле?!

Кыргызстанда 2022-жылы 6500дөй аялдардын укугу бузулуп, кылмыш иштери ачылып, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Көбүнесе үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар. Биздин бейөкмөт уюмдар дал ошол укугун билбеген, өзүн-өзү коргой албаган аялдар менен эмнеге иштебейт? Аларды эмнеге окутууларга чакырып, сабатын жоюшпайт? Укуктук жактан жардам беришпейт? Аларга социалдык маселелер эмес, ички саясат пайдалуу, кызыктуу экенин өздөрү далилдеп коюшту.

Эсиңиздерге сала кетели, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргеликте иштетүү маселесине коомчулукту каршы үндөп, 2022-жылдын 22-23-октябрь күндөрү массалык баш аламандыкка шектелип 20 жарандык активисттер, саясатчылар, мурдагы депутаттар кармалган. Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси, «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» (КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-пункту) боюнча айып тагылган. Аталган беренелер менен айыпталгандарга жети жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Учурда кармалгандардын сот иштери уланууда.

Алардын арасында Рита Карасатова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Джурабаева, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Перизат Сурановалар бар. Орозайым Нарматова менен Перизат Сурановалар ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Эми ушулардын башка кыларга иши жок беле дегиң келет да… Кыргызстанда көп бейөкмөт уюмдар социалдык секторго жардам беришет. Миграция маселесине колдоо кылып, укуктук жардам берип келишет.

Чет элден грант алып, өзүнүн мамлекетиндеги ички коопсуздук бузуп, элдин аң-сезимине терс таасирин тийгизип, бийлик менен элдин ажырымын күчөтүүгө жумшаган Рита Карасартова баштаган камактагы активисттер жасаган иштери үчүн жооп бериши зарыл!

Батыштын кош стандарттуу саясатын жүргүзүүнү бейөкмөтчүлөр дагы катуу өздөштүрүп алышкан. Антпесе, ишмердигинин чегинен чыгышмак эмес. Ички жоболорун сактоого милдеттүү болчу.

Түрмөгө жыландын баласы дагы түшпөсүн дейт кыргыз эли. Азыр камакта жаткандарды табалаган жокбуз. Алардын жасаган иши менен айткан сөзү дал келбейт! Патриотбуз, Кемпир-Абад берилбесин дешет! Мамлекеттин коопсуздугу, бүтүндүгү алар үчүн маанилүү болсо, октябрь айындагы массалык баш аламандыкка барышмак эмес!

Мыйзам алдында актыгын далилдеп, акталып алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Баарынын билими, сабаты жетишет.

Кадырбек Суранов, ардагер