Без рубрики

Бишкекте Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди — ФОТО

Бишкекте Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара улуттук баш кийимибиз ак калпакты кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий иш-чаранын расмий бөлүгү Улуттук тарых музейинин астында уланды.

Майрамдык кечеге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев, Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин көтөргөн белгилүү кинорежиссёр Рысбек Жабиров, коомдук маданий ишмерлер, Кыргызстанда жашаган бир катар улуттун өкүлдөрү, шаар тургундары, жаштар жана алыс жакындан келген коноктор катышты.

Майрамдык кечеге жалпысынан 500дөн ашык адам катышты.

Иш–чараны министр Алтынбек Максутов ачып, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Эске салсак, 5-марттагы майрамда ак калпак кийген мырзалардын жөө жүрүшү Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Улуттук тарых музейине чейин уланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button