Маданият

Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат

27-март — Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү. Улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылат.

Иш-чара онцерттик программа менен коштолуп, мыктыларга «Эргүү» улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.

Маалымат үчүн: Эл аралык театр күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 22 театр оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинен 8 музыкалык-драма театры, 7 драма театры, 2 куурчак театры, 3 филармония 1 опера жана балет театры жана мамлекеттик цирк бар.

2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519 жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду. Тактап айтканда, 46 спектакль, 22 концертик программа, 7 цирк программасы тартууланды. Жалпы көрүүчүлөрдүн саны 730 миң 533кө жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button