Окуялар

УКМК: Издөөдө жүргөн террорчуларга жасалма паспортторду даярдоого аракет жасаган жаран кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга (ЭТУ) каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында КР жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды.

Тактап айтканда, эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) «И.Г.» айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн, Өзбекстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган, Ош областында туулган КР жараны Х.У.О. кармалды.

Х.У.О.нун жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын 2 паспорту табылып алынган. Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө,- деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button