Билим берүү министрлиги билдиргендей, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгон. 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинде 43 окуучунун абалы начарлай баштаган.
Мындан улам алар Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгердин кароосунан өтүшкөн. Арасынан 18 окуучу бир суткага медиктердин көзөмөлүндө болсун деп стационарда калтырылды.
Саламаттык сактоо министрлиги балдардан анализ алынганын, анын жыйынтыгы менен гана кайсы затка уулануу болгону анык болорун айтышты.