Интернетте чуу жараткан сүрөт боюнча Ош шаардык мэриясы үн катты

Социалдык тармактарда Ошто тартылган сүрөт тарап, кызуу талкуу жаратып жатат. Сүрөттө эркек кишилердин отургучта отуруп, аял кишинин бутун бүгүн отурганын көрүүгө болот.

Сүрөттө Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова тартылган. Сүрөттөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду,Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновду, вице-мэрлер Марс Исаев менен Сонунбек Жунусбаевди көрүүгө болот. 

Ош мэриясынан маалымат беришти. Маалыматка караганда, сүрөт Нооруз күнү тартылган. «Сүмөлөктү ачуу учурунда куран окулган. Ким кайсы жерде болсо, ошол жерге отура калышкан. Бул расмий иш-чара болуп анан айымга орун бербей койсо бир жөн эле. Куран окулуп жатканда тартылган сүрөт«,- дешти.