Кызыл-Кыя шаарында мектеп кызматкеринин банктык карточкасын уурдап, 90 миң сомун чыгарып алган аял кармалды

2023-жылдын 27-март күнү болжол менен саат 13:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептен Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 54 жаштагы М.О.П өзүнүн кабинетинде отургучта илинип турган сумкадагы банктык карточкасын белгисиз атуул жашыруун түрдө уурдап алып, аталган карточканын ичиндеги 90 000 (токсон миң сом) акчасын чечип алгандыгы аныкталган.
Бул факты Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-бер. 3-б. 5-п менен кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Кызыл-кыя шаарынын тургуну 37 жаштагы Х.А. кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда келтирилген 90000 (токсон миң) сом зыян калыбына келтирилип, жабырлануучу М.О.П кайтарылып берилген. Азыркы күндө кылмыш иш тергелүүдө, — деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



