КоомКызыктарОкуялар

Россиялык ЖМК Москвада пенсионердин акчасын шылуундардан сактап калган кыргызстандык тууралуу баяндады

Россиянын «Рен ТВ» телеканалалы Москвада 84 жаштагы кемпирдин жарым миллион рубль акчасын шылуундардан сактап калган кыргызстандык тууралуу сюжет тартты.

Видеодо кыргызстандык курьер абалды жөнгө салып эле тим болбостон, жыйынтыгында көрсөткөн кызматы үчүн акча алып, ошол эле учурда кемпирдин акчасын сактап калуу үчүн өзүнүн схемасын ойлоп тапканы айтылат.

«Кыргызстандык жигит алдамчылардын тобун жеңди», — деп белгилешти журналисттер.

Эскерте кетсек, 26 жаштагы кыргызстандык такси айдоочусу Жеңишбек Кабылов Москвада кардардын буйрутмасы боюнча бир жерден экинчи жерге жүк жеткирип иштеген. ЖМКлар такчи айдоочусу пенсионерден сумкада акча барбы деп сураганын, кемпир акча жок деп жооп бергенин билдирди.

Кыргызстандык айдоочуга жүктү алуучулар абдан шаштырганы тан калычтуу болгон. Жолдо катар ал баштыкты карап, ичинен 500 мин рубль тапкан. Ошондо Жеңишбек Кабылов акчаны жашырып, шылуундарга бош баштыкты берип, аны менен катар өзүнүн кызматы үчүн акы алып кеткен.

Андан ары ал пенсионер жашаган дарекке келип, милиция чакырган. Кийин алуучулар алдоо жолу менен пенсионердин ири суммадагы акчасын алууга аракет кылган алдамчылар экени белгилүү болгон.

«Мен акчаны чөнтөгүмө салып, кызмат көрсөткөнүм үчүн акы алып, бош баштыкты бердим. Алар кийин мага чалышып, коркутушуп, акчаны кайтаруумду айтышты», — деди кыргызстандык.

Учурда кылмыш иши козголду, Кабыловдун көрсөтмөлөрүнүн аркасында шектүүлөрдү тезирээк табууга мүмкүн болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button