Спорт

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу менен келишим түзүлдү

Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде «КФС» ЮЖБ менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду.

Келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

«Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», — деди словакиялык адис.

“Мындай жогорку квалификациялуу машыктыруучу биз менен мындан ары иштеше турганына кубанычтабыз. Кол коюлган документте Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасын көзөмөлдөй тургандыгы, ал эми машыктыруучулук штабында ага аны менен бирге келген жардамчылары жана ата мекендик адистер жардам берери каралган”, — деди КФС Башкы катчысы Нурдин Букуев.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button