Бишкекте маршруттук унаанын терезесинен адамдар ыргып кеткен. Айдоочу кызматтан алынды

Түштүк магистралда болгон кырсыктан кийин №135 кичи автобустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 кичи автобус менен Хюндай Соната үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана 1 жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хюндай Соната үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып, сүзүшкөн. Катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси учуп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, так медициналык корутунду алуу үчүн учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.

Транспорт департаменти тарабынан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын алдын алуу жана жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселе жүк ташуучу компаниялардын жетекчилерине бир эмес бир нече ирет көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу кичи автобустун айдоочусу жумуштан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.