Коом

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда курула турган жаңы унаа жолдун каттамы белгилүү болду

Бул жол кыргыздардын Барскоон айылын Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Учтурфан округу менен байланыштырат. Ал Бедел ашуусу аркылуу өтөт. Кытай тарап Бедел өткөрүү пунктун ачууга даяр экенин билдирди. 

“Бедел” бекетин ачууга кытай тарап даяр. Өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайбыз”, — деди Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй.  

Бедел ашуусунда өткөрүү пунктун ачуу Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарында макулдашылган. Азыр Кыргызстан менен Кытайды Торугарт (Нарын облусу) жана Эркеч-Там (Ош облусу) жолдору бириктирип турат.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button