Саясат

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги «Мурас» футболдук турнири башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталды.

Мелдештин ачылышында мамлекет башчысы катышуучулар менен саламдашып, бардыгына ийгилик каалады.

«Бул ирет биздин турнирге жаңы командалар кошулду. Ошондой эле турнир 40 жашка чейинкилер арасында да өтүп жатат. Жыл өткөн сайын биздин арабыз көбөйүүдө, бул кубандырбай койбойт. Дени сак адамдын, акылы сергек. Турнирде күчтүү команда жеңсин», — деди ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров министрлер, мамлекеттик органдардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген “Президенттин администрациясы” командасынын курамында ойнойт.

Турнирге жалпысынан 16 команда катышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button