Москвада рейд учурунда 49 мигрант кармалган видео тарады

Полиция Москванын батышында профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө 49 мигрантты кармаганын Орусиянын ИИМи билдирди.

«28-майда алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарынын батыш районунун милиция кызматкерлери тарабынан 49 жаран кармалып, аймактык башкармалыкка жеткирилди», — деп билдирди «Интерфакс» агенттиги.

Ал ортодо ЖМКлардын маалыматына караганда, иш-чара Вяземская көчөсүндөгү үйлөрдүн жашоочулары менен Борбор Азиядан барган мигранттардын ортосундагы жаңжалдан улам жүргүзүлгөн. Мигранттар жергиликтүү балдарга футбол аянтчасында ойноого тыюу салып, ата-энелерин коркутушканы айтылды. ТАССтын укук коргоо органдарындагы булагы жергиликтүү тургундардан арыз түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана тартипти бузууларды болтурбоо үчүн рейд уюштурушканын билдирди.

Мигранттардын массалык түрдө кармалышынын видеосун Readovka Telegram каналы жарыялады.