Коом
Таластагы Манас айылынын 3 чакырым көчөсүнө асфальт төшөлөт
Талас облусунун Манас айылынын унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун 1 чакырымдан ашуунуна асфальт-бетон төшөлдү, план боюнча жалпысы 3 чакырымга төшөлөт.
Асфальт төшөө иштерин «Кыргызавтожол» МИнин Талас филиалынын №48 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.